08:25, 27 апрель 2024 Иш

АКШда Nike фирмасынын бир жуп спорттук бут кийими 437 миң 500 жүз долларга сатылды

АКШда Nike фирмасынын бир жуп спорттук бут кийими 437 миң 500 жүз долларга сатылды — Today.kg

АКШда өткөн Sotheby's аукционунда 1972-жылы чыгарылган Nike фирмасынын спорттук бут кийимдери 437 миң 500 долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Moon Shoe спорттук бут кийимдери Nike компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, 1972-жылы Мюнхенде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында спортчулардын чуркоо боюнча машыктырууучусу Биллом Бауэрман тарабынан 12 жуп гана чыгарылган.

Аукцион өткөргөн Sotheby's компаниясынын билдирүүсүндө спорттук бут кийимдердин баштапкы баасы 160 миң доллар болгон. Сатып алган кардар коллекционер Майлс Надал болгон. Ал бут кийимди жеке музейине авто унаалар менен кошо коюуну пландап жатат.

 

up