16:18, 27 апрель 2024 Иш

Султанбаев инвесторлордон акча талап кылган адам кармалганын билдирди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда жогорку даражалуу чиновниктер менен байланышы бар экенин айтып, инвесторлордон опузалап көп суммада акча талап кылган шектүү кармалганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, бул маалымат президентке жетип, шектүү камакка алынганын жана тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

“Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда “кол тийбестер” жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса — дароо камалат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Султанбаев президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК), Ички иштер министрлигинен (ИИМ) жана башка жеке булактарынан маалымат алып турарын, чиновниктердин атын жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандар тууралуу дагы маалыматтар бар экенин айтты.

Эрбол Султанбаев кармалган адамдын сүрөтүн жарыялады. Бирок аты-жөнү ким экенин, аны кайсы укук коргоо органы качан кармаганын тактаган жок.

Кыргыз өкмөтү өлкөдө инвесторго шарт түзүп, алардын мүлкүнүн кол тийбестигине кепилдик берерин билдирип келет. Бизнести мыйзамсыз текшерүү, акча чогултуу фактылары бар экенин моюнга алып, 2023-жылы ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген.  

 

up