18:52, 13 ноябрь 2024 Шр

Ошто жаңы автобустар каттамга чыгат

Эртең, 4-июлда Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен сатылып алынган Isuzu Saz Le 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар Ош шаарындагы No43 жаңы линияга чыгат. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясы социалдык тармактарга билдирди.

Бул линия 143-маршруттук таксини алмаштырат.

Кийинки аптада автобустар аэропорт — Касымбекова — Раззакова — Масалиев — Тилеке Баатыр — Исанов көчөлөрү (Түштүк-Чыгыш кичи району) маршруту боюнча ишке киргизилген № 7 жаңы линия боюнча иштей баштайт.

Жакын арада No 49 жана 25-линияларда да жаңы автобустар пайда болот.

 

up