15:30, 29 март 2024 Жм

Дүйнөдө буудайдын баасы өстү

Дүйнөдө буудайдын баасы өстү — Today.kg

Орусиянын Украинага эки күн катары менен жасаган ракеталык чабуулдарынан кийин, дүйнөлүк рынокто буудайдын баасы 6,6%га өстү. Бул июнь айынан кийинки эң максималдуу баа деп айтылууда.

«Эгер негизги буудай өндүрүүчүлөр кыйынчылыкка кабылса же Кара деңиздеги абал жакшырбаса, азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу башка көйгөйлөрдүн чыгышынын алдын алуу кыйынга турат», — деп жазган Hightower Report эксперттери.

Орусия да, Украина да дүйнөдөгү эң ири буудай экспорт кылган өлкөлөрдүн сап башында турат. Ал эми АКШ, Евробиримдик, Индия жана Аргентина сыяктуу ири буудай өндүрүүчү өлкөлөрдө быйыл аномалдуу ысыктан улам түшүм аз жыйналды.

Маалымат үчүн: 22-июлда Стамбулда БУУ жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия жана Украина убактылуу келишимге кол койгон. Анда Украина портторун дан эгиндерин алып чыгуу үчүн ачып коюу каралган. Келишимдин негизинде Кара деңизде Украинадан Босфор булуңуна чейин коопсуз коридор түзүлүп, буудай Украинанын үч порту Одесса, Черноморск жана Южный аркылуу ишке ашуусу белгиленген болчу.

Ал эми соңку кырдаалдан улам Орусия менен Украина буудай экспорту боюнча түзүлгөн келишимдин мөөнөтүн узартуудан баш тартышы мүмкүн.

up