14:10, 27 апрель 2024 Иш

Министрлик: Кыргызстанда орточо айлык 32 146 сомду түздү

Министрлик: Кыргызстанда орточо айлык 32 146 сомду түздү — Today.kg

Январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык көлөмү 32 146 сомду (362 доллар) түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, номиналдуу орточо айлык бир жылда 27,2 пайызга өстү. Анын керектөө баасынын индексин эске алганда реалдуу көлөм 13,2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

“Өсүш экономикалык ишмердиктин бардык түрүнө кирген уюмдарда байкалган”, — деп айтылат маалыматта.

Айлык мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздандыруу (72,8 пайыз), административдик ишмердүүлүк (43,9), искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (35,9) тармактарында кыйла жогорулаган.

up