17:01, 28 март 2024 Бш

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны октябрда төрөлөрү күтүлүп жатат

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны октябрда төрөлөрү күтүлүп жатат — Today.kg

2022-жылы Кыргызстан калкынын саны жети мимллион адамга жете турганын Улуттук статистика комитети билдирүүдө. Статком эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү. Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандын калкы 1-октябрга карата 6 миллион 995 миң адамга жетти. Ал эми өлкөнүн 7 миллонунчу жараны 20-октябрда төрөлөт деп күтүлүүдө.

"Улуттук статком Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү жана Саламаттык сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя быйылкы жылдын 20-октябрына чейин болушу керек", - деп белгиленген аталган мекеме тараткан кабарда.

Соңку жаңыртылган маалыматтарга ылайык, Кыргызстан калкынын саны өсүп жатат. Акыркы жылдары республикада демографиялык процесстер калктын санынын өсүшүнүн жогорку темпи менен мүнөздөлөт.

Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланары айтылган. 1-августтагы маалымат боюнча Кыргызстандын калкы 6 миллион 977 миң адам болгон.

Кыргыстандын алты миллионунчу наристеси 2015-жылы 25-ноябрында Ош шаарында төрөлгөн. Ал менен катарлаш келген 14 балага президенттин фондунан ар бирине 100 миң сом берилген.  

up