13:39, 29 март 2024 Жм

Камчыбек Ташиев: 3 айдан бери келишим тууралуу тескери маалымат тараткандардын билдирүүлөрү калп экенин мезгил тастыктады

Камчыбек Ташиев: 3 айдан бери келишим тууралуу тескери маалымат тараткандардын билдирүүлөрү калп экенин мезгил тастыктады — Today.kg

- Камчыбек Кыдыршаевич, кечээ Жогорку Кеңеш кыргызөзбек чек арасына байланыштуу келишимди кабыл алышты. Бул чечим канчалык деңгээлде туура болду? Кыргызстандын пайдасына чечилдиби?

- Жогорку Кеңеш кабыл алган бул чечим тарыхый болуп эсептелинет. Себеби, өзүңөр жакшы билгендей, дээрлик жүз жылдан бери кыргызөзбек чек арасы чечилбей келген. Совет маалында, ага чейин дагы такталбастан, бүгүнкү күнгө чейин арасат абалда болгон. Кечээги кабыл алынган чечимдердин натыйжасында толугу менен чечилди, такталды. Делимитация маселелери бүттү. Эми президентибиз кол койсо, келерки жылы демаркация маселелерине өтөбүз. Чегин аныктап, зым тособуз. Делимитация иштерин бүтүрмөйүнчө демаркацияга өтө албайбыз. Башкысы, эки өлкө ортосунда юридикалык жактан чек араны тактоо маселеси соңуна чыкты. Кайсы мамлекет болбосун, чек араны тактоо негизги маселе болуп эсептелинет жана тарыхый окуялардын катарына кирет. Ошол тарыхый окуяны өзүбүз аркылуу өткөрүп, парламентке даярдап келип, президентибиздин, депутаттардын макулдугу менен кабыл алганыбызга мамлекеттик кызматкер, Кыргызстандын жараны катары сыймыктанам. Себеби, ушул маселелердин баары менин көз алдымда, катышуум менен болду.

- Келишим кабыл алынган жыйын жөнөкөй жыйын болгон жок. Ар кандай пикирлер айтылды. Өзүңүз тактап айтып берсеңиз, Өзбекстан менен ушул убакка чейин бир жаңсыл чечилбей келген жерлердин канча пайызы Кыргызстанга өттү?

- Мамлекет үчүн бул абдан маанилүү экенин улуу урматтуу президент Садыр Нургожоевич жыйынга башынан аягына чейин катышып, бардык пикирлерди, жоопторду угуп отурганынан билсе болот. Кабыл алынган чечимдердин баары Конституциябыздын, мамлекеттик мыйзамдардын, Жогорку Кеңештин регламентинин чегинде болду. Кээ бир депутаттар регламент бузулганын айтып жатышты, ал саясий каршылаштыктан келип чыккан сөз. Президентибиз айтпадыбы: “Бүгүнкү бийликке оппозиция болсоңор болгула, бирок мамлекетке оппозиция болбогула”, - деп. Ошол эле “регламент бузулду” ж.б. ар кандай шылтоо айткан депутаттарыбыз кабыл алынып жаткан документтер боюнча бир дагы жөндүү сөз айта алышпады. “Биз бул жерине макул эмеспиз, бул жерди туура эмес алдык, муну туура эмес кылдык” деген сыяктуу алымча-кошумчасын сунушташкан жок. Анткени, алар өздөрү деле баары Кыргызстандын пайдасына чечилгенин билип турушат. Бир нерсени белгилеп айтып коеюн, кечээги кабыл алынган чечимден кийин Кыргыз мамлекетинин картасы кеңейди. Буга чейин Кыргызстандын картасы 19 миллион 994 миң 928 гектар аянтты түзсө, ага 15 миң 572 гектар кошулгандан кийин 20 миллион 10 миң 500 гектар болду. Бул деген психологиялык барьерден өткөнүбүздү билдирет, мындан ары кайсы бир документке мамлекеттин аянты жазыла турган болсо, 20 миллион гектар деп айтылат. Башкача айтканда картабыз чоңойду.

Кемпир-Абаддагы суу алдында жаткан 4 485 гектар жерди Өзбекстанга юридикалык жактан өткөрүп берүү менен биз алардан 19 миң 700 гектар жерди алдык. Ал жерлер Өзбекстандын картасында турат, эми буйруса мыйзам долбоорго президентибиз кол коюп, ратификация күчүнө киргенден кийин биздин картага кошулат.

Суу сактагычтын 4 127 гектар жери 1965-жылы берилип кеткен. Андан бери 70 жыл өттү. Бизге анын ордуна берилчү жерлердин 357 гектарын убагында бизге бербей калышкан. Ошонун ордуна биз Сузак жана Өзгөн районунан үч эсе көп, 1000 гектар жер алдык. Жыйынтыктап айтканда, биз Өзбекстанга 4 458 гектар жер берип, ордуна 19 700 гектар жер алдык. Ал кайсы жерлер? 105 гектар – Көк – Серек, 212 гектар – Баястан, 25 гектар – КараБелес, 12 миң 849 гектар – Гавасай, 35 гектар – Унгар Тоо болуп отуруп, бүгүнкү күндө жогоруда белгилегенимдей, 15 миң 572 гектар жерге биздин карамагыбызга өттү. Физикалык алмашуу болгондо деле берген жерибизден өткөрүп алган жерибиз 4,5-5 эсеге көп болуп жатат. Булардын баары эки өлкө ортосундагы достук, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстан бири бирине чек ара боюнча эч кандай претензия кое алышпайт. Азыр көрүп жатасыздар, коомдо ар түрдүү катмардагы адамдар, саясий уюмдар, топтор, оппозициялык кыймылдар бар. Акыркы 3 айда алар туура эмес маалыматтарды таратышып, элдин башын айлантышты. Себеби, бизде бул убакыт аралыгында маалыматты калың калкка толук жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Бул келишим өлкөбүз үчүн өтө маанилүү, ыңгайлуу жана пайдалуу болгондуктан, алдын ала ачыктасак, бузулуп кетиши толук мүмкүн эле. Ошондуктан, картаны толук кечээ гана ачтык, 7 миллион элибизге жеткирдик. Ушул убакка чейин таратылган маалыматтар калп болуп чыкты. Биринчиден, Гавасайды, ОртоТокойду берип салды дешкен. Анын баарын берип салды дегенди уккан эл нааразы болоору турган иш да. Кечээ гана ушул убакка чейин уккан маалыматтары калп экенине көздөрү жетти. 

Орто-Токой суу сактагычы боюнча дагы айтайын, анын суусу, жери, плотинасы толук бойдон Кыргызстандыкы болуп калды. Кошумча милдеттенме да алынган жок. Чечме –Булак кетти дешти эле, Өзбекстан менен мурда кандай пайдалансак, азыр да ошол абалда. Гавасай боюнча депутат Нуржигит Кадырбеков айтып жатпайбы, “Өткөрүп берип салыпсыңар”, - деп. Өткөрүп берген жокпуз, өткөрүп берүү мүмкүн да эмес. Анын тегерегиндеги айылдар, ошол эле КөкТаш айылы, Гавасай өрөөнү Кыргызстандыкы. Кадырбековдон Гавасайды барып көрдүңүз беле деп сурасам, көрбөгөнүн айтып жатат. Көрбөй туруп, колундагы документти окуп туруп дагы түшүнбөгөнүнө таң калам. Билбей туруп 3 айдан бери туура эмес маалыматтарды таратышты, албетте, баары эмес, айрым оппозициялык маанайдагы, эптеп эле мамлекетте башаламандык, туруксуздук болсо, чек ара чечилбей калса, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулбай калса, тополоң болуп кетип биз бийликке келип калсак экен деген ниеттегилер. Алардын билдирүүлөрү калп экенин мезгил тастыктады. Андан тышкары, дагы бир депутат “Кемпир-Абадды Гавасайга алмаштырып салдыңар, ал жер таштак экен, бизге кереги жок”, - деп айтып атат. Андай эмес. Гавасайды биз Кемпир-Абаддын сол жагындагы Бүргөндүгө кетчү канал курулбаганы үчүн “бересиңер”, - деп жатып алдык. Кантип дити барып таш баскан жер деп айтканына таң калам, себеби, Гавасай кыргызыбыздын эң кооз, тоолуу, жайыттуу, мамлекетке эң керектүу жери. Ал жерде “Казакмыз” иштетип жаткан алтындын жилкасы жатат. Өзбектин ал жерге болгон лицензиясын жокко чыгарып туруп, кайтарып алдык, алтыныбыз бар деп. Таш болгон учурда дагы Кыргызстаныбыздын ар бир жери бизге кымбат. Саясаттын негизинде эле эптеп жаман көрсөтүү максатында айта берген болбойт.

Кемпир-Абад боюнча ал жакка барбагандар, билбегендер деле каршы чыгып, сүйлөп жатышат. Аны бетке кармашып, элдин нааразычылыгын жаратууну көздөштү. Мен Кемпир-Абаддын жээгинде чоңойгом. Сол жагынан Өзгөнгө караса, оң жагынан Сузакка карайт. Биз төрөлө элек маалда жер берилип, плотина курулуп калган экен. Кемпир-Абаддын ушул убакка чейинки абалын жергиликтүүлөр жакшы билишет. Эл калп айттырбайт. Кызыл-Октябрь, Кароол, Куршаб жана Ана- Кызыл айылдарынын элди жакшы билет, абал тынчып калганына 2-3 эле жыл болду. Ага чейин балык тутушса Өзбекстандын чек арачыларын келатышпадыбы деп карап, келатышка адырды карай качышкан, балык уулагандар кайыктарын алдырып койгон, ал турмак өздөрү да кармалып кеткен учурлар болгон. Малдарды суугарууга да мүмкүн эмес болчу. Бир литр сууну дагы тартып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришпейт эле. Азыр анын баары токтоду. Биргеликте башкаруу боюнча билбегендерге айтып коеюн, суу сактагычтан суу эки канал аркылуу кетет, оң жактагы Сузак районунун төрт айыл өкмөтүн: Атабеков, Ырыс, Барпы, Сузакты суу менен камсыздайт. Мурда көбүрөөк суу бергенде насос менен Базар-Коргонго чейин тарттырышчу. Сол тарабынан Савай айыл өкмөтү, Кара-Сууга чейин суу ичет. Ошол сууну башкарууга кыргыздар эч кандай катыша алчу эмес. Жайында суу керек маалда суу бербей коюшчу, 5-10 күн, кээде 15 күн кечиктиришет, дыйкандар ызылдар Анжиян, Ташкентке чейин чыгышат. Суу керек эмес маалда сууну кое беришип, Жийде, Сузак айыл өкмөттөрүнүн шалыларды, анын жанындагы үйлөрдү, короо-жайларды суу каптап кеткен күндөр болгон. Кааласа суу берет, каалабаса бербейт, каалса горизонталды 905ке чыгарышат, кааласа түшүрүшөт. Эми андай болбойт. Келишимдин негизинде суу сактагычты кошо башкарабыз. Ал үчүн каражат кетирип же чыгаша болбойбуз. Биз башкарууну көзөмөлдөйбүз. Үч смен иштешет, ар бир сменге бизден эки киши кошулат. Ошондо 18 адамыбыз иштеп турат. Алар суунун деңгээлин көзөмөлдөшөт. 900дөн көтөрүлүп кетпеши керек, көтөрүлсө айылдарга зыянын тийгизет. Кайсы маалда канча суу керек болсо, бөлүп берип турууга мүмкүнчүлүк алышат. Мурда мындай укук бизде жок болчу. Андан тышкары, балык уулоого, мал суугарууга, насос менен тартып кетип жер иштетүүгө болот. Суу төмөндөгөндөн кийин бошоп калган жерлер айыл чарба багытында иштетилет. Ушунун баарын мыйзам чегинде өткөрдүк. Эми буга каршы болуп жатышпайбы. Бир – эки депутатка айттым эмнеге каршысыңар деп. Жооп бере алышпайт. Регламентке тийишишет, Гавасайга, Орто-Токойго тийишишет. Мыйзам долбоору боюнча болсо эч нерсе дей алышпайт. Анткени, абдан пайдалуу келишим болгонун эң сонун түшүнүп турушат. 

Дагы бир маанилүү маселени белгилей кетейин, биз 1965-жылы 5 731 гектар жерди бөлүп бергенбиз. Суунун деңгээли 905тен өткөндөн кийин жанындагы айылдарды суу каптачу. Ана-Кызыл айылынын шалы айдоолорун, Бишкек-Ош жолун, Ана-Кызыл айылы менен Өзгөндү туташтырган көпүрөнү чейин суу басчу. Эч ким көзөмөлдөй албаган. Эми суу деңгээли 900гө түшкөндөн кийин ал жерде жер бошойт. Айыл өкмөттөрү жергиликтүү тургундарга айыл чарба багытында иштеткенге, мал жайганга жер бөлүп берет. Эми эл суунун деңгээли көтөрүлүп кетсе шалым суу алдында калат деп тынчсызданбаса болот. Мыйзам ушугу кепилдик берип жатат. “Өзбекстан келишимди аткарбай койсо кандай кылабыз?” – дегендер да бар. Анда эл аралык келишим, мыйзамдар бар. Ага да карабай койсо, андан башкы рычагдарыбыз көп. Мен бирок Өзбекстан келишимди аткараарына ишенем. Эгер болбой баратса суу сактагычтагы суулар бизден барат го. СаламАлик, Куршаб, Жазы дарыясынан барып куюлат. Канча каражат кетсе дагы, башка суу сактагыч куруп алышыбыз мүмкүн. Анын баары биздин карамагыбызда. Суу сактагычтын жогору жагына ГЭС курганга коңшу өлкө уруксат бербей коет деген пикирин айткандар да жок эмес. Өзүбүздүн сууну кандай пайдалансак өзүбүз билебиз. Бул биздин эгемендүү мамлекет катары укугубуз. Суунун деңгээли 900дөн ашпашын көзөмөлдөйбүз, бирок 900гө толтуруп беребиз деген милдеттенме алган жокпуз.

Кемпир-Абаддын алдында калган жерди баалуу дешет. Суу 70 жылдан бери жатат, мындан ары да жата берет. 70 жылдан бери суу алдындагы жерден кандай пайда көрдүк. Мындан ары да 200 жыл жата берсе, кандай пайда көрөбүз? Андан көрө башка жактан жер алып пайдасын көргөнүбүз, чек ара маселебизге чекит коюп алганыбыз жакшы эмеспи. Баястаныбызды, Унгар-Тообузду, Кара-Белесибизди алып алышыбыз керек. Өзгөн менен Сузактын ортосунан 1000 гектар жерди алдык, ушунун баары байлык да. Эл малын багат, дыйканчылыгын кылат, картабызга жазылып, мамлекетибиздин менчиги болот. Анан 4,5 гектар суу баскан жерди карап, суу кургаса жер биздики болот деп отура берелиби. Суу түгөнсө өмүр түгөнөт, кокус суу соолуп калса, ушул жерди бизге кайтаргыла, ордуна берген жериңерди алгыла деп кайрыла турган болсок, жан деп макул болушат. Ал жерди алышып, сонун кылып эгинин эгип, дарбызын өстүрүп жыргап жашай беришет. Ошондуктан, экономикалык, эстетикалык жагын да карашыбыз керек. Суунун алдындагы жерди бербейбиз деп тырышып отура бербестен. Турмуш чындыгы ушундай. Мисалы, кызыбызды эң сонун кылып багып чоңойтобуз, жакшы көрөбүз, бөпөлөйбүз, анан убагы келгенде күйөөгө беребиз. Ошого турмуш алып келет. Жок, бул суунун алдындагы жер биздики деп термелип отура бергенибиз менен жылдар өтүп жатат. Мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин коопсуздугун сакташыбыз керек. Мамлекеттин стратегиялык маселелерин, пландарын чечип жатабыз. Бир партиянын же саясий уюмдун маселесин чечип аткан жерибиз жок. Депутаттарга келгиле, суроо бергиле, сунуш айткыла, кайсы жери туура эмес болуптур, кайсы жерден утулуп жатабыз десем, бири да ооз ача албайт. Президентибиз эң туура айтты: “Бийликке оппозиция болсоңор дагы мамлекетке болбогула”, - деп. Мамлекетке эң керектүү маселе чечилип жаткан маалда каршы чыгышты. Мамлекетке керекпи, жасашыбыз керек. Мамлекетти коргош керекпи, жаныбызды беришибиз керек.

Булагы: sayasat.kg 

up