18:01, 27 апрель 2024 Иш

Бишкек шаарынын Свердлов районун прокуратурасы балдарды укутарына өзгөчө көңүл бурат

Бишкек шаарынын Свердлов районун прокуратурасы балдарды укутарына өзгөчө көңүл бурат — Today.kg

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 2-бөлүмүндө Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат.

Башкача айтканда балдардын укугун коргоо - мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири болуп саналат.

Мындай шартта прокуратура органдары балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө негизги орунду ээлейт.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 5-бер. ылайык, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу – баланын өсүүсүнө, укуктук маданиятын жана укуктук тарбиясын жогорулатууга, кылмыштын кайрадан жасалышына жол бербөөгө көмөктөшүүгө багытталган, кылмыш жасаганы үчүн кылмыш куугунтугуна альтернативдүү жол-жобо.

Мыйзам менен келишпестикке барган бала – иш боюнча шектүү, айыпталуучу, соттолуучу, соттолгон болуп саналган 18 жашка чыга элек адам болуп саналат.

Ал эми Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-беренесине ылайык, биринчи жолу коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жасаган, мурда соттуулугу бойдон, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алыстатуу программасына катышпаган жана кылмыш жасагандыгын мойнуна алган он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала, тергөөчү тарабынан он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын туура өнүгүүсүнө жана кайра социалдашуусуна көмөктөшүүгө жана кайтадан кылмыш жасоосуна бөгөт коюуга багытталган, тизмеси Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык келишимде белгиленген, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алыстатуу чараларын колдонуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 468-бересине жараша, баланы кылмыш-жаза сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу келишиминде жазуу жүзүндө эскертүү, келтирилген залалды толук же жарым-жартылай төлөп берүү, милдеттенме коюу, көзөмөлгө коюу каралышы мүмкүн. Келишимдин мөөнөтү кол коюлган күндөн тартып 3 айдан 12 айга чейинкини түзүшү мүмкүн.

Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим тергөөчү тарабынан түзүлөт жана ага тергөөчү, бала, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери кол коёт.

2023-жылдын 9 айында Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан 15 кылмыш иши боюнча 18 баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө токтомдору жана келишимдери бекитилген. 

Учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан балдарды кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алыстатуу программасына катыштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2023-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы, ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн катышуусунда баланы кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу жана балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өткөрүлгөн.

Балдардын укугун коргоо прокуратура органдарынын приоритеттүү багыты болгондуктан, балдарды кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгаруу боюнча иштер улантылат.

up