13:18, 27 апрель 2024 Иш

Чүй облусу жаңы «Кашкулак» лыжа базасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү

Чүй облусу  жаңы «Кашкулак» лыжа базасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү — Today.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу аймагында 23-декабрда ишемби күнү жаңы «Кашкулак» лыжа базасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Жаныбек Кубандыков, облустун кадырлуу аксакалдары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин өкүлдөрү, КРнын Туризимди өнүктүрүү жана колдоо фонду катышты.

Мамлекет башчынын кеңешчиси Жаныбек Кубандыков Кыргызстан тоолуу ландшафттын аркасында жыл бою туризмди өнүктүрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, бардык мезгилдерде туристтерди тартуу керектигине басым жасады. Ал «Кашкулак» тоо лыжа базасын түптөөчүлөргө ички инвестициялары үчүн, облус жетекчилигинин документтерди тез арада чечип, ишкерлерге колдоо көрсөткөндүгүн белгилеп, облус башчысы Канат Джумагазиевге облустун экономикасын өнүктүрүүдөгү жигердүү аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

Канат Джумагазиев өз сөзүндө Чүй облусунда жайкысын да, кышында дагы туризмдин түрлөрүн сунуштоого уникалдуу мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Президенттин №566 «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Чүй облусунун Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңеши түзүлүп, 2023-2026-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы жана аймактарда туризм тармагын көтөрүү үчүн системдүү программа иштелип чыккан. Ал ошондой эле Чүй облусу азыртадан эле лыжа, этнотуризм, экотуризм жана башка көптөгөн эс алуу түрлөрүн камтыган көп функционалдуу туристтик борбор катары өнүгүп жатканын баса белгиледи. 2026-жылга чейин жыл сайын 1 миллиондон ашык туристти тартуу пландалып жатканына токтолду.

Аламүдүн районунун ардактуу аксакалы Токтомат Чопиев мурда Кашка-Суу аймагындагы эс алуу жай мезгилинде гана уюштурулуп келгендигин, кийин бир лыжа базасы пайда болуп, кышкысын жакшы эс алууга шарт түзүлүп жатканын айтты. Анын пикиринде, жаңы “Кашкулак” тоо лыжа базасынын ачылышы менен инвесторлор үчүн да, туристтер үчүн да мүмкүнчүлүктөр кыйла кеңейип, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Бул, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Джумагазиевдин жетекчилигинин аркасында Чүй облусунун аймагында натыйжалуу жылыштар болуп жатканынан кабар берет, - деди.

“Кашкулак” тоо лыжа базасынын негиздөөчүсү Сергей Якиманский Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго тоо лыжа спортуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип, анын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиевге лыжа базасын кеңейтүүгө жер тилкесин бөлүп берүүдөгү ролун белгиледи. Ал жаңы инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде 2,6 км асма жолду (фуникулер) жана лыжа мектеби менен балдарга атайын асма жолун ачууну пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, инфраструктуралык инвестициянын жалпы көлөмү 5 миллион долларга жакын. Якиманский ошондой эле орусиялык инвесторлордун 160 миллион долларга чейинки инвестициясы менен «Тихая бухта» деп аталган ири долбоорду жарыялады.

Туризм департаментинин өкүлү Дастан Дайырбеков облус башчысына жана анын командасына “Кашкулак” базасында да, ЗИЛ лыжа базасында да уюштуруу маселелерин чечип, туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ички туризм жигердүү өнүгүп, Чүй облусунда, өзгөчө Чуңкурчак, Ала-Арча, Кашка-Суу жана башка аймактарда келгендердин саны өскөнүн баса белгиледи.

Маалымат: “Каш-Кулак” тоо лыжа базасы аянты 105 гектар жайыт жерди ижара катары пайдаланат. Узундугу 950 метр келген бир кабелдик линия курулган. Эки лыжа трассасы бар. Бири батыш тарабында узундугу 1600 метр келсе, экинчиси чыгыш тарабында 1550 метр келген линия. Кубаттуулугу болсо, саатына 2000 адамды тейлей алат. Жарыктандыруу аркылуу түнкү лыжа тебүү мүмкүнчүлүгү жана кар генераторлору бар.

 

up