17:14, 27 апрель 2024 Иш

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук фактылары боюнча 46 кылмыш иши козголгон

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин  2-бөлүмүндө Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат.

Башкача айтканда балдардын укугун коргоо - мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири болуп саналат.

Мындай шартта прокуратура органдары балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө негизги орунду ээлейт.

Ал эми, 2023-жылы жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулук фактылары боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ тарабынан жалпысынан 46 кылмыш иши козголгон.

2023-жылы Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан 16 кылмыш иши боюнча 19 баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө токтомдору жана келишимдери бекитилген. 

Ал эми, Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан балдарды кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алыстатуу программасына катыштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Жашы жетпеген өспүрүмдөргө карата жасалган жыныстык жана зомбулук мүнөздөгү фактылар боюнча 46 кылмыш иши козголуп, анын ичинен:

- зордуктоо – 11;

- он алты жашка толо элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер менен – 14;

- сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо – 1;

- ыплас аракеттер – 6;

- башкалар – 14 түзгөн.

Балдарга карата жыныстык мүнөздөгү кылмыштарды болтурбоо жана алдын алуу максатында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын демилгеси менен 2023-жылы ичинде тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешмелер өткөрүлүп, жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынган.

Ыкчам кеңешменин чечимин ишке ашыруу максатында, “Камкор” аттуу рейд өткөрүлүп, жашы жете электерге жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө кечкисин коомдук жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, бул иш-чаранын жүрүшү интернет булактарында чагылдырылган.    

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жайгашкан жеке мейманкалардын администрациялары жана менчик ээлерине мейманканага жарандык паспортун көрсөтүү жана журналга каттоону жүргүзүү керектиги тууралуу түшүндүрүлгөн. 

2024-жыл ичинде бул багытта иштер улантылат.

up