11:28, 26 апрель 2024 Жм

Дүйнөдө эболага байланыштуу чукул кырдаал жарыяланды

Дүйнөлүк cаламаттык сактоо уюму Эбола вирусунун Конго Демократиялык Жумуриятында жайылышын эл аралык масштабдагы чукул кырдаал деп жарыялады.

Уюм үстүбүздөгү айда ал өлкөнүн кошуна мамлекеттер менен чек арасында эки киши ооруну жуктуруп алып каза тапканын, вирустун жайылуу ыктымалдыгы жогору экенин белгиледи.

Конго Демократиялык Жумуриятында өткөн жылдын июль айында Эбола кайрадан күч алган. Азыркы маалга чейин 2 миң 512 жаңы учур катталып, 1 миң 676 киши каза тапты жана 700 бейтап айыкты.

Бул вирустук инфекция адам баласынан тышкары кээ бир жаныбарларга да жугат. Көп учурда өлүм менен аяктайт. Илдетке чалдыккан кишинин ичи өтөт, кусат, булчуңдары ооруйт.

Мындан төрт жыл мурун батыш Африкада эпидемия башталып, Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерияга чейин жайылган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы ири эпидемия учурунда 30 миңдей киши жабыркаган, 11 миңден көбү өмүр менен кош айтышкан.

 

 

Булак: Azattyk

up