16:41, 26 апрель 2024 Жм

«Жүрөгүнө бычак сайып, сайдын жээгине көмүшкөн»: 55 жаштагы адамдын өлүмүнө Россиядагы жээни шектелүүдө

Март айынан бери дайынсыз болуп жаткан Ош шаарынын 55 жаштагы тургунунун денеси табылды. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алардын маалыматына караганда, ушул жылдын 27-март күнү Ош шаарынын 1959-жылы туулган тургуну С.Х. өзүнүн 1964-жылы туулган бир тууган иниси С.А.А. 9-марттан бери дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган.

Аталган окуя боюнча ыкчам тергөө тобу тарабынан тиешелүү иш кагаздар жыйналып, 27-мартта Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан дайынсыз жоголуу фактысы менен катталган.

Ошондой эле 9-июль күнү Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундардын бири Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылынын аймагында Куршаб дарыясынын жээгине Ош шаарынын 1964-жылы туулган тургуну С.А.А. көмүлгөнүн билдирген. Ал эми кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну А.Ж.ны көрсөткөн. Жергиликтүү тургун суунун жээгине көмүлгөн адам болжол менен ушул жылдын март айында өлтүрүлгөнүн кошумчалаган.

Айтылган жерге баруу үчүн Өзгөн райондук №53 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Кара-Суу райондук №25 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн майору М.Боронбаев жана капитан З.Маткаримов саат 15:58де жолго чыгышкан жана саат 16:29да белгиленген жерге барышкан. Издөө иштерине Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн 6 кызматкер тартылган. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Суу райондук бөлүмүнөн тастыкташты.

Бирок дарыядагы суунун көлөмү чоң болгондуктан жана айтылган жерди суу каптап кеткендиктен казуу иштерине Жаңы-Арык айыл өкмөтүнөн экскаватор тартылган. Куткаруучулар тарабынан эч кандай жумуш аткарылбагандыктан Өзгөн райондук ӨКБнын 3 куткаруучусу саат 18:06да кайра өздөрүнүн бөлүгүнө кайтышкан.

Ал эми Ош ШИИБдин кызматкерлери 9-июль күнү кылмышка шектүү катары Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну А.Ж.ны кармашкан. Шектүү дайынсыз жоголгон С.А.А. өзүнүн тууганы (жээни) менен сөз талаша кетип, жээни таякесин бычак менен жүрөгүнө сайып өлтүргөнүн айткан. Шектүүнүн айтымында, окуя маркумдун Ош шаарынын Фабричная көчөсүндө жайгашкан өз үйүндө болгон. Шектүү өзүнүн шериги — маркумдун жээни менен денени Кара-Суу районунун Жаңы Арык айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы сайга алып барып, экөөлөп көмүшкөнүн билдирген.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде дене көмүлгөн жерге кароо жүргүзүлүп, белгисиз адамдын жоон санынын сөөгү жана шыйрак сөөктөрү табылган. Андан сырткары көмүлгөн жерден маркумдун сырткы жана ички кийимдери, кара түстөгү спорттук шымы табылып, алар маркумдун туугандарына көрсөтүлгөндө, кийимдер маркум С.А.А.га таандык экени аныкталган.

10-июль күнү сотко чейинки өндүрүш иши «дайынсыз жоголуу» беренесинен Жазык кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгүнө (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 130-беренеге (киши өлтүрүү) өзгөртүлүп, шектүү А.Ж. Ош шаардык соту тарабынан 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал эми көмүлгөн жерден алынган сөөктөргө жана кийимдерге тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Маркумду өлтүрүүгө шектелген дагы бир адам — 1983-жылы Ош шаарында туулуп, азыркы күндө Россия Федерациясынын жарандыгын алган М.А. экени аныкталды. Аны кармап, Кыргызстанга алып келүү боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматында.

Шектүү — Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну А.Ж.

шектүү ош  

Булак: Turmush

up