23:16, 27 апрель 2024 Иш

Экс-мэр Айтмамат Кадырбаевдин бир тууган агасы каза болду

 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Айтмамат Кадырбаевдин бир тууган агасы 63 жашында каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Арапбай Раимбеков узакка созулган оорудан улам кечээ, 10-октябрь күнү көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 11-октябрда саат 12:00дө Кара-Суу районунун Савай айылында өтөт.

Арапбай Раимбеков

Айтмамат Кадырбаев буга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

up