16:24, 29 март 2024 Жм

Мамбетов: Жакын арада президент башка кызмат сунуштайт деп ойлойм

Мамбетов: Жакын арада президент башка кызмат сунуштайт деп ойлойм — Today.kg

29-ноябрда Оштун мэри кызматынан алынган Алмаз Мамбетов журналисттерге маек берди. Анда ал кызматтан кетиши «президенттин чечими» болгонун айтып, ага «эч нерсе дей албайм» деп билдирди.

«Бул ушул президенттин чечими болду. Жаңы жетекчи дайындалды. Эми өзүмдү айта кетсем, жакын арада президент тарабынан башка кызматка дагы сунуш берилет го деп ойлойм», — деди ал.

Мамбетов Оштун калаа башчысы катары келе жаткан жылга «пландары болгонун» айтып, «аны жаңы мэр ишке ашырат деген үмүттө экенин» кошумчалады.

«Айткан нерселердин баарын баштап бердик. Аткарылбай калды деп айта албайм. Эмки жылга биздин чоң пландарыбыз бар эле, Масалиева көчөсүн оңдоо, андан сырткары ленин көчөсүнүн уландысы бул тешик таш базардан нары, аларды эмки жылкы бюджетке киргизели деген ой бар болчу эми. Жаңы жетекчи ишти улантат деп ойлойм», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Мамбетов кызматынан алынып, анын ордуна мэр болуп 56 жаштагы Бакытбек Жетигенов келген.

Мамбетовдун мэрликке келиши

Алмаз Мамбетов алгач Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2021-жылдын августунда келген. Анда ал «Ошко мэр болууну президент Садыр Жапаров сунуштаганын» айткан.

«Мен бул сунуштан баш тарта алган жокмун. Анткени Ош шаары экинчи борборубуз, бул жерде абдан чоң жоопкерчилик бар. Ал мамлекеттин негизги шаарларынын бири. Менин келип калганым деле балким туура нерседир», — деген ал журналисттерге курган маегинде.

Ал эми 26-августта Ош шаардык кеңешинин депутаттары Мамбетовду мэр кылып шайлашкан — ал жалгыз талапкер болгон.

Шайлоодон кийин шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер жана мэриянын кызматкерлери учурдагы вице-мэр Марс Исаевдин «ИЗЮМ» ресторанында сый тамакка чогулушкан. Эки депутат «чайды» жаңы мэр Алмаз Мамбетов уюштурганын билдирген.

Бир жылдан ашык кызматта турганда Мамбетов мурдагы мэрлердей эле жаан жааган сайын өчкөн таза суу көйгөйүн чечүүнү убадалап келди. Ал эми анын тушунда Ош шаарынын туристтик бренди иштелип чыгып, бул шаарга туристтерди тартууга жардам берери айтылган.

 

up