12:21, 28 апрель 2024 Жш

ОГПИде «Эл дөөлөтү – эне тил» декадасы жыйынтыкталды

  Кечээ, 15-октябрь күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата жарыяланган «Эл дөөлөтү – эне тил» аттуу 1 айлык декада жыйынтыкталды.

Маалым болгондой, бул саамалык инститтун жетекчилиги тарабынан атайын пландын негизинде ишке ашырылып, эне тилди өнүктүрүүгө багытталган бир нече иш-чаралар менен коштолду. Аталган бир айлыктын жыйынтыктоочу салтанаты жогорку деңгээлде белгиленип, ага Улуттук тил комиссиясынын, Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр жана окуу жайдын жамааты катышты. Мамлекеттик тилдин улуулугун даңазалоого багытталган бул саамалык бир канча бөлүктөн туруп, алгач институттун борбордук аянтында окуу жайдын факультеттери, китепкана жана жаштар комитети тарабанын даярдалган көргөзмө уюштурулуп, «Улуттук баалуулуктар» деген теманын алкагында унутулуп бара жаткан даамдар жасалып, дасторкон үстүнө жайылды. Андан сырткары колдо тартылган сүрөттөрдүн коллекциясы коюлуп, дубал гезиттер илинди. Аны менен бирге улуттук каада салттар, жөрөлгөлөр жана спорт оюндары көрсөтүлдү.

Андан соң иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү окуу жайдын чоң актылар залында уланды. Анда окуу жайдын ректору, профессор Б.Зулуев жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактардагы «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү» бөлүмүнүн башчысы А.Ө.Тилекманова куттуктоо сөзгө чыгышып, жалпы жамаатты улутубуздун жүзү болгон Мамлекеттик тилдин кабыл алынган күнү менен куттукташты. Ошону менен бирге бир айлыктын алкагында уюштурулган түрдүү сынактардын, спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө, жогорку деңгээлдеги иш чараларды уюштурган факультеттерге, кафедраларга жана тилдин өнүгүшүнө зор салым кошкон окутуучуларга «Кыргыз тили» төш белгиси, диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Иш-чара окутуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган адабий-музыкалык кече менен коштолуп, анда кыргыздын улуттук каада-салттарында эне тилдин колдонулушун чагылдырган сахналык көрүнүштөр, элдик ырлар-бийлер аткарылды.

 

up