07:51, 8 май 2024 Шр

Ажылык үчүн орун көбөйдү

Ажылык үчүн орун көбөйдү — Today.kg

Ал арада Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка баруу үчүн кыргызстандыктарга 6 миң 10 орун бөлдү. Бул былтыркыдан 500гө көп. Зыяраттын баасы бир кишиге 3 миң доллар.

Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдиргендей, алгачкы топ 16-июлда, акыркы топ 1-августта жөнөйт. Жалпысынан Бишкектен жана Оштон 18 авиакаттам болот.

Кыргызстандык зыяратчыларга бирдей кийимдин үлгүсү февралда тандалган. Анын баасы 1 миң 500 сом деп чечилген. Ажылыкка аттангандар эмдөөдөн өтүп, даярдыктар уланып жатат.

Былтыр Кыргызстанга ажылык үчүн 5 миң 485 орун бөлүнүп, зыяраттын баасы бир кишиге 2 миң 890 долларды түзгөн.

up