06:05, 27 апрель 2024 Иш

Ушул жылдын 6 ай аралыгында өрт кырсыгынан 26 адам көз жумду

2019-жылдын 6 ай ичинде республика боюнча 1346 өрт кырсыгы катталды. Өткөн жылы көрсөткүч 1709 болгон. Өрт кырсыгынан 26 адам каза болуп, 31 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Өрттөн 46 адамдын өмүрү (2018-ж. 59 адамдын өмүрү) жана 4,77 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган (2018-ж 5,05 млн. сом).

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу 28,5%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан 43,3%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда 9,8%, балдардын от менен ойноосунан 6,0%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан 60,5% турак жай секторунда болгон.
Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда (322) жана 8 адам каза болгон, Бишкек ш. (317) жана 5 адам каза болгон, Жалал-Абад областында (197) жана 5 адам каза болгон, Ош облусунда (154) жана 2 адам каза болгон , Ысык-Көл областында (137 ) 2 адам каза болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (820), ал эми өрттөн 22 адам каза тапкан.
2019-жылдын 6 айында республиканын өрттүн алдын алуу органы тарабынан өрттүн алдын алуу жана адамдардын өлүмүн болтурбоо максатында өрткө каршы бир катар үгүт иштери аткарылды, массалык маалымат каражаттарында 493 макала жарыкка чыгып, 423 теле жана 2441 радио берүүлөр уюштурулган. 59586 жолу 601209 адамды камтыган өрткө каршы нускоолор, лекциялар, сүйлөшүүлөр мамлекеттик объекттердин кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл көп топтолгон жайларда (айылдык жана кварталдык) өткөрүлгөн.
Чарба жүргүзүүчү объекттердин өрткө каршы абалы жөнүндө бийлик органдарына жана кызыкдар ведомстволорго 1289 маалымат жөнөтүлгөн.

 

up