04:31, 27 апрель 2024 Иш

Борбор Азияда өз өмүрүн кыйгандар көбөйүүдө

Борбордук азияда өзүн өзү өлтүргөндөрдүн саны өсүүдө. Мындай маалыматты Борбордук Азия университети изилдөөгө таянып жарыялаган.

Ага ылайык, чөлкөмдө 100 миң адамдын 11,4ү өзүн өзү өлтүрүүгө барат. Анын ичинен Казакстан сап башында туруп, ал жакта өзүн өзү өлтүрүү 100 миң адамдын ичинен 48,1и өзүн өзү өлтүрөт. Ал эми Түрмөнстанда 15,8, Өзбекстанда 13,6, Тажикстанда 7,2 адамды түзөт. Ал эми Кыргызстанда 13,4 адамды түзгөн. Жалпы калктын эсеби менен эсептегенде жылына 84 адам өз өмүрүн кыят.

up