Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-июлда Борисполдо жыйын өткөрүп жатканда шаардык кеңештин катчысын залдан кууп чыкты. Президент Ярослав Годунок «адамга оор жаракат келтирип, каракчылык кылган» деген айып коюлганы тууралуу маалыматты Итернеттен таап алгандан кийин, аткаминерге: «Бул жактан чыгып кет, каракчы» деп кайрылды.
Шаардык оорукананын начар абалы, шарты тууралуу талкуу болуп жатканда Годунок баса-баса сүйлөп Зеленскийдин көңүлүн өзүнө бурдурган эле.
Аткаминер өзү жыйындагы окуяны «цирк» деп атады жана Зеленскийдин «ар бир украиналык – президент» деп айтканын эске салды. Буга мамлекет башчы «президент кылмыш кылган эмес» деген мааниде жооп кайтарды.
Белгилүү куудул, актер Владимир Зеленский май айында президент болуп шайланган.