20:17, 9 май 2024 Бш

Кулак-мурду кесилген аялга түркиялык пластикалык хирург акысыз жардам убадалады

Түркиялык белгилүү пластикалык хирург Микаил Сурер мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген аялдын абалын сурап барды. Бул тууралуу жабырлануучунун сиңдиси Диана Елькен билдирди.

Дарыгер бычакталган Аселдин келбетин калыбына келтирүү үчүн колунан келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну убадалаган.

Буга чейин аялга бир нече оор жана кымбат операция жасоо талап кылынары айтылган.

Эске салсак, 20-сентябрда Бишкектин чет жакасындагы Селекция аймагында жашаган 36 жаштагы аял өз үйүндө бети-башы бычакталып, кулак-мурду кесилген. Бул кылмышка шектелип анын 39 жаштагы мурдагы күйөөсү кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Жабырлануучунун апасы президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, окуяга көңүл бурууну суранган.

 

up