08:32, 9 май 2024 Бш

Баткенде муктаждар үчүн бекер азык-түлүк сатылган дүкөн ачылды

Баткенде азык-түлүктү бекер саткан социалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай дүкөн ачууну Орусияда жана АКШда жашап, иштеген мекендештер сунуштаган. Алар ай сайын керектүү азык-түлүк сатып алуу үчүн акча которушат. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмеси жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлөт, азык-түлүк бекер таратылат.

Дүкөндүн аталышы «Элден элге» деп аталат. Ал Баткен шаарынын Самат Сыдыков көчөсүндө жайгашкан жана дүйшөмбү, шейшемби, жума, ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт.

up