13:44, 9 май 2024 Бш

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн келди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия Мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джо Байдендин биринчи Саммитине катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

– Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев;

– Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;

– жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

– саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

– экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

– юстиция министри Аяз Баетов;

-Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.

up