17:34, 9 май 2024 Бш

Садыр Жапаровду Нью-Йоркко коштоп барган делегациянын тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн барды.

Сапардын алкагында мамлекет башчы БУУнун саммитинин ишине туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Кыргызстандан барган расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бактыбек Аманбаев;

— Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— юстиция министри Аяз Баетов;

-Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.

up