00:31, 10 май 2024 Жм

Мектеп курагындагы бала беш маал тамактанышы керек. Адистин түшүндүрмөсү

Мектеп курагындагы бала беш маал тамактанышы керек. Адистин түшүндүрмөсү — Today.kg

Бала өзүн ток сезип жүрүшү үчүн анын негизги рационунан тышкары тамактанган убактыларына да маани берүү зарыл. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Мария Кушубакова түшүндүрүп берди.

Баланын тамактануу күн тартибине көңүл бура турган болсок, эртең мененки нанүштөсү саат 07:00 менен 08:00 ортосунда болгону туура. Андан кийин саат 10:30дан 11:30га чейин дагы бир жолу тамактанат, түштөнүү 13:00-14:00 аралыгында болсо, 16:30 – 17:00 аралыгында шам-шум этиши керек. Кечки тамак балага 19:00дөн 20:00гө чейин берилет.

Адистин айтымында, кечки тамак андан кеч берилиши мүмкүн, мындайда баланын уктай турган убактысынан 1-1,5 саат мурун болгону жакшы.

"Кечки тамакты даярдоодо сиңирүү оңой болгон азыктарды тандоо керек. Уйку алдында ашказан дээрлик бош болушу кажет. Эт, балык, козу карын ашказанда төрт-беш саат өтүп сиңет. Балким жашылча салатын май менен жасап бересиз, муну ашказан үч саатта сиңирет", – дейт адис.

Ал үйдө ата-эне түнкүсүн ашыкча тоюп албоону адатка айлантуусу керектигин белгиледи. Ошондо балдар да ага көнүп калат.

"Эгерде бала уктаар алдында таттуу жегиси келсе банан берүүнү сунуштайм. Мүмкүнчүлүк болсо меште бышырылган алма жегени пайдалуу. Мындан тышкары, жатар алдында бир стакан шире, кефир же бал кошулган сүт ичсе болот", – деп кошумчалады Кушубакова.

 

 

Булак: Sputnik

up