23:59, 9 май 2024 Бш

Жарыксыз отурган Жумгалдын Кең-Суу айылына электр энергиясы тартыла баштады

Жарыксыз отурган Жумгалдын Кең-Суу айылына электр энергиясы тартыла баштады — Today.kg

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кең-Суу айылына биринчи жолу электр энергиясы тартыла баштады. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимовдун жардамы менен 1 миллион 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы сатып алынып, жеткирип берилген. Учурда орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Нарын облусунун "Теңир Тоо" өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп, кошумча жабдууларды алуу каралууда.

Бул каражатка чакан айыл электр энергиясы менен толук камсыз болоору кутүлүүдө. Буга чейин Кең-Сууда электр жарыгы болгон эмес. Ал жакта 21 түтүн жашайт.

 

up