20:38, 9 май 2024 Бш

Назарбаевдин экс-кудасынын мүлкү конфискацияланып, алты жылга камалды

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин экс-кудасы алты жылга эркинен ажыратылды.

Астана шаардык сотунда Кайрат Боранбаевдин иши каралып, сот өкүмү чыкты. 2022-жылы март айында Казакстандын Каржылык мониторинг агенттиги Буоранбаевди көмүскө сектордо миллиондогон каражаттарды өз кызыкчылыгы үчүн өздөштүргөн деп айыптаган. Такттап айтканда Боранбаев менен кошо казак газын башкарган бир катар чиновниктер да соттолду. Алар биргелешип мамлекеттик газ компаниясын сатууда бааны жасалма төмөндөтүп, казынага 31 млн доллар зыян келтирген.

Боранбаев сотто күнөөсүн моюнуна алып, казынага келтирген 31,5 млн доллар зыянды кайтарган. Ал эми анын жалпы суммасы 195,4 млн долларды түзгөн активдери да мамлекетке өткөн. Андан сырткары Билим берүүнү колдоо фондуна 65 млн доллар которгон.

Кайрат Боранбаев Казакстандагы ТОП-50гө кирген байлардын бири. Анын кызы Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан Назарбаев 2020-жылы Лондондо каза тапкан. Анын өлүмүнө наркотикалык көз карандылык себеп болгону айтылган.

 

up