14:42, 9 май 2024 Бш

Британия "Вагнер" аскердик компаниясын террордук уюм деп тааныды

Британия өкмөтү орусиялык "Вагнер" менчик аскер компаниясын террордук уюм деп тааныганы 15-сентябрда расмий кабарланды.

Эми "Вагнерди" колдоо, анын символун коомдук жайларда көрсөтүү бул өлкөдө кылмыш катары эсептелет. Ага баш ийбегендер 14 жылга чейин камалат.

Мурдараак ички иштер министри Суэлла Браверман "Вагнер" тобун “ырайымсыз жана кыйратуучу” деп атап, ал Владимир Путин жетектеген Орусиянын куралы катары чет өлкөлөрдө иш жүргүзүп жатканын белгилеген.

Буга чейин "Вагнерди" Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) жана Литва өкмөтү террордук уюм катары тааныган. АКШ өкмөтү аны трансулуттук кылмыштуу уюм деп жарыялап, санкция салган.

“Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткин негиздеген. Сирияда бул топтун жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары аркылуу таанылган. Орусиянын Украинадагы согушуна жоочуларды жалдаган.

Пригожин менен Уткин бараткан учак 23-августта Тверде кулап, набыт болушкан. "Вагнердин" аскерлери уюмдун ишмердиги уланарын билдиришкен.

Орусиянын президенти Владимир Путин аталган компания өкмөттөн каржыланып келгенин айткан.

up