09:36, 9 май 2024 Бш

Песковдун жубайынын Алматыдагы шоусу токтотулушу мүмкүн

Казакстандын Алматы шаарында Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун жубайы Татьяна Навканын муз үстүндөгү шоусу токтотулушу мүмкүн.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Алматы акимчилигинен кабарлашты.

Иш-чараны "Алматы Арена" комплексинин концерттик бөлүмү менен Татьяна Навканын агенттери уюштурмак. 15-сентбярда билеттерди сатуу токтотулганы маалым болду.

Буга чейин Алматыда Татьяна Навканын "Шахеразаданын сүйүү баяны" деп аталган шоусу уюштурулуп жатканы кабарланып, ал социалдык түйүндөрдө нааразылык жараткан.

Татьяна Навка 2022-жылдан бери Евробиримдиктин, Улуу Британиянын, Канаданын, Швейцариянын, Австралиянын санкцияларына дуушар болгон.

Апта башында курамына орусиялык куудулдар Азамат Мусагалиев менен Денис Дорохов кирген "Камызяки" тобунун Алматы жана Астанадагы концерттери токтотулган. Буга алардын Украинанын Орусия аннексиялап алган Донецк облусунда концерт койгону жана муну казак коомчулугу терс кабыл алганы себеп болду.

Улуту казак Азамат Мусагалиев иш-чарада орусиялык аскерлерди жана согушту колдогон мааниде сүйлөгөн.

Мурда согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине коомчулуктун талабы менен Казакстанда тыюу салынган.

 

up