18:03, 9 май 2024 Бш

Чүй облусунда жаңы МАБ имараты ачылды

Чүй облусунда жаңы МАБ имараты ачылды — Today.kg

6-сентябрда КРнын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы милициянын аймактык бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Салтанаттуу иш-чарага КР ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов, Аламүдүн районунун акими Мурадин Тешебаев, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Дамир Исаков, Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы, ошондой эле, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү, айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Эске салсак, МАБдын мурдагы имараты 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясында чыккан өрттүн кесепетинен күйүп кеткен. Эми анын ордуна керектүү жабдуулар менен жабдылган жаңы заманбап имарат курулду.

КРнын Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов бардык катышуучуларга кошкон салымы, жардамы жана милиция менен кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, оңдоп-түзөөдөн өткөн милициянын аймактык бөлүмү жергиликтүү элдин ишенимдүү таянычы болуп каларына ишендирди.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев өз сөзүндө милициянын жогорку деңгээлдеги ишин камсыз кылуу үчүн анын кызматкерлерине ылайыктуу шарттарды түзүү керектигин баса белгиледи. Ал ошондой эле Чүй облусунда иштеп жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегине терең ыраазычылыгын билдирип, жер мунапысын ишке ашырууда укук коргоо органдары жерди мыйзамсыз басып алгандарга каршы күрөшүүдө чоң роль ойногонун, айыл чарба жерлерин мыйзамсыз курулуштардан тазалоодо жана кызыл тилкелердеги тартипти калыбына келтирүүдө, жол жээгиндеги башаламан сооданы токтотууда активдүү иш алып барышканын айтты. Май айынан тарта сугат суусу кескин тартыш болуп турган мезгилде милиция кызматкерлери күнү-түнү суу каналдарын кайтарып турганына токтолду.

«Сиздер мындан ары да жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн өз милдеттериңизди так аткарасыздар деп ишенем. Ошол эле учурда биз өз тарапыбыздан ички иштер органдарынын кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ар тараптуу жардамдарды берип жатабыз», - деди КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

К.Джумагазиев Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 1 млн. 925 миң сом бөлүнүп, ага электрондук планшет, боди-камерасы жана сервер алынганын, ошондой эле, Аламүдүн РИИБине жергиликтүү бюджеттен 1 млн 982 миң сом акча каражаты бөлүнүп, эки аймактык милиция бөлүмчөлөрү ишке берилгенин, Чүй облусун өнүктүрүү фонду тарабынан коомдук тартипти көзөмөлдөө жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында 16 млн 400 миң сом бөлүнүп, кырдаалдык борбор ишке киргизилип, 92 тилкеге 138 видеокөзөмөл камералары орнотулганына дагы өз сөзүндө учкай токтолуп:

«Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Сиздерге мындан ары да Мекенибиздин стабилдүүлүгү, коопсуздугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн талыкпай кызмат кылууңуздарды каалайм. Коомдун алдында өтөгөн жооптуу ишиңиздерди ийгилик коштоп, өз милдеттериңизди ак ниеттүүлүк менен аткара бериңиздер. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө ден соолук жана бактылуу өмүр каалайм! Кызматыңыз үчүн рахмат», — деди.

Маалымат үчүн: Беш-Күңгөй конушунун ички иштер бөлүмү биринчи жолу 1993-жылы ачылып, Таш-Мойнок, Кара-Жыгач жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылган. Айылдык ички иштер бөлүмү имараттын жоктугунан азыркы Көк-Жар айылындагы Юридикалык академиянын имаратынын 4 кабинетине жайгашып, 1999-жылы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн эски имаратына көчүп келген. 2019-жылдын 8-августунда Кой-Таш окуясында чыккан өрттүн кесепетинен МАБ имараты күйүп кеткен. Имарат куруу маселеси КР Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып, өкмөт тарабынан каражат бөлүнгөн. Учурда Беш-Күңгөй МАБнын өздүк курамы 12 милиция кызматкеринен турат, алар жалпы 50 миңден ашык калкы бар 9 айылды жана 4 жаңы конушту тейлешет.

up