23:52, 9 май 2024 Бш

Британиянын Коргоо министрлиги Орусиядагы кырдаалды "мамлекетке олуттуу чакырык" деп сыпаттады

Британиянын Коргоо министрлиги "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын (ЖАК) демаршын "Орусия мамлекетине жасалган олуттуу чакырык" деп сыпаттады.

Бул тууралуу министрликтин күнүмдүк билдирүүсүндө айтылганын Би-Би-Си кабарлады.

"Жакынкы сааттарда Орусиянын коопсуздук күчтөрү кризистин өнүгүшүнүн эң маанилүү чегине жетет. Бул акыркы убактардагы Орусия мамлекетине карата жасалган эң олуттуу чакырык" деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматта "Вагнердин" жалданма аскерлери Орусиянын чек арасына кеминде эки жерден өтүп, Ростов-на-Донудагы аскер штабын ээлегени жана алардын бир бөлүгү Москвага жетүүгө аракеттенип жатканы, аларга жолдон аскер же башка күчтөр тарабынан эч кандай тоскоолдук болбогону жазылган.

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлгө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, шаарды тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-июнда мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөдү. Ал кырдаалды турукташтыруу үчүн “чечкиндүү чара көрүлөрүн” билдирип, башкы вагнерчи Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады. Ростов-на-Донуда бардык жарандык жана аскердик бийлик органдарынын иши үзгүлтүккө учураганын айтты.

  • Жума күнү, 23-июнда эртең менен Евгений Пригожиндин интервьюсу жарык көргөн. Анда ал коргоо министри Сергей Шойгуну эле эмес, Украинага согуш баштоо идеясын сынга алган. Ал согуш аны баштагандарга пиар үчүн керек болгонун айткан. Мындан кийин ага Федералдык коопсуздук комитети иш козгогонун Орусиянын Башкы прокуратурасы билдирди.
  • Пригожин менен Коргоо министрлигинин чыры бир нече айдан бери уланып келет. Бахмуттагы кармаш учурунда Пригожин бир канча жолу видео кайрылуу жасап, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду бир канча сындаган.
  • Пригожин аларды курал-жарак жетишсиздигине жана "орустун жерлерин" берип салганга айыптап, "бул персонаждар жазаланмайынча" териштирүүнү токтотпой турганын билдирген. Коргоо министрлиги мындай билдирүүлөрдү адатта комментарийлебейт. 

up