09:32, 9 май 2024 Бш

Москвага контртеррордук операция режими киргизилди

Москва шаарына, Москва облусуна жана Воронеж облусуна контртеррордук операция режими киргизилди.

"Свобода" радиосу маалымдагандай, Москвада, Ростов, Воронеж, Тула, Тверь, Калининград жана Липецк облустарында массалык иш-чаралардын баары токтотулду.

24-июнда Москвада жыл сайын өтүүчү "бүтүрүүчүлөр кечеси" бир аптага жылдырылды.

Воронеж облусунун бийлиги тургундарды М-4 "Дон" трассасында аскердик техникалардын колоннасы баратканы үчүн жолго чыкпай турууга чакырды. Жолдун 300 чакырымдан ашуун бөлүгү жабылган.

Липецк облусунун губернатору Игорь Артамонов аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирип, тургундарды эки жакка чыкпай турууга үндөдү. Анын сөзүнө караганда Воронеж облусу менен чектеш аймакта "Дон" трассасы жабылып, автоунаалар өтө албай турат.

Подмосковье аймагынын губернатору Андрей Воробьёв да тургундарды жеке автоунаасы менен жолго чыкпоого чакырды.

Санкт-Петербург шаарындагы "Вагнердин" кеңсесин полиция тинтүүгө алганы кабарланды.

Контртеррордук операция режими "Терроризмге каршы аракеттер жөнүндө" мыйзамы менен киргизилет. Аталган режим киргизилген аймактарда жарандардын паспорттору текшерилип, коомдук тартипти сактоо күчөтүлөт, стратегиялык жана мамлекеттик мекемелер катуу кайтарууга алынат.
Жарандардын телефон сүйлөшүүлөрү жана интернет аркылуу тараган маалыматтар текшерилет.

Полиция операция жүрүп жаткан күчтөр үйлөргө, мекемелерге тоскоолдуксуз кирип, ишканалардын автоунааларын пайдалана алат. Зарылчылык болсо аймактагы байланыш кызматы өчүрүлөт. 

up