09:33, 27 апрель 2024 Иш

Мурдагы британ элчиси Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болду

Мурдагы британ элчиси Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болду — Today.kg

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп мурдагы британ элчиси Робин Орд Смит шайланды. Бул тууралуу "Акчабар" каржылык порталы кабарлады.

Бизнес-акыйкатчыны Байкоочу кеңеш тандайт. Анын курамында өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү бар.

Бишкектеги Жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азиз Абакиров бул чечимди туура тандоо деп атап, Робин Орд Смит Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп турганда бир катар ири долбоорду ишке ашырганын, англиялык тажрыйба өтө пайдалуу экенин "Азаттыкка" айтып берди:

- Алар демократиядан, ишкерлердин укугун коргоо жагынан да чоң тажрыйбасы, тарыхы бар. Бүт дүйнөдөн эң тажрыйбалуу адистерди алып келип, алардан үйрөнүшүбүз, дүйнөгө ачык болушубуз керек.

Бул кызматка Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев, Эл аралык ишкер кеңештин мурдагы жетекчиси Актилек Түнгатаров, Улуттук ишкер кеңештин төрагасы Сергей Пономарев, президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Нурсулуу Ахметова да ат салышкан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында бизнес-акыйкатчы институтун – ишкердик субъектилердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.   

up