18:27, 26 апрель 2024 Жм

Түркияда оппозиция шайлоодо Эрдогандын талапкерлигин алууну талап кылды

Түркияда оппозициялык үч партия мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдогандын талапкерлигин президенттик шайлоодон алып салууну талап кылышты. "Жакшы партия" (İyi), "Мамлекет" (Memleket) жана DEVA партиясынын өкүлдөрү өлкөнүн Жогорку шайлоо комиссиясына кайрылуу жолдошту.

Кайрылуунун авторлорунун айтымында, учурдагы президенттин талапкерлиги Түркиянын Конституциясына карама-каршы келет, анткени Эрдогандын президенттик экинчи мөөнөтү аяктоодо.

Ал эми бийликтеги партиянын мүчөлөрү 2017-жылы өткөн конституциялык референдумдан кийин Эрдогандын ыйгарым укуктарын кеңейтилип, президенттик мөөнөттү баштапкы абалына келгенин айтышууда.

14-майда Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт. Учурда төрт талапкердин аты катоодон өттү. Оппозициялык альянс Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкер катары көрсөттү. Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат. 2018-жылы президенттик шайлоодо Эрдогандын оппоненти болгон, учурда "Мамлекет" партиясын жетектеген Мухаррем Инже жана теги азербайжандык, парламенттин депутаты Синан Оган.

Февралдагы катуу жер титирөөгө чейин экономикалык каатчылык, улуттук валюта - лиранын арзандашынан улам Эрдогандын бедели кыйла түшүп кеткен. Бийлигин үчүнчү он жылдыкка узартууну көздөгөн президент июнь айындагы майрамдарга туш келбесин деп, шайлоону май айына жылдырарын буга чейин айткан эле. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бул жолку добуш берүү ал үчүн чоң сыноо болмокчу. 

 

up