03:07, 27 апрель 2024 Иш

Бишкектеги айрым мектептердин окуучулары бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды

Бишкектеги айрым мектептин окуучулары бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды.

Маалыматты Бишкек милициясы ырастады. Азырынча канча мектепке ушундай маалымат түшкөнү так айтылган жок. Милиция учурда маалыматтын чын-төгүнүн текшерүүдө.

Маалымат каражаттары жана социалдык тармактардагы кабарларга караганда, бери дегенде беш мектептин окуучулары эвакуация болуп, милиция мектептерди курчоого алууда.

Алар: №33, №63 мектеби жана "Илим", "Сейтек STEM", Айтматов атындагы лицей.

Былтыр декабрда милиция №4 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба коюлганы тууралуу 102 кызматына анонимдүү маалымат түшкөнүн кабарлаган. Милициянын ыкчам тобу барып мектепти курчоого алып, окуучулар жана мугалимдер имараттан чыгарылган. Мэриянын басма сөз кызматы эч кандай жардыруучу зат табылбаганын маалымдаган.

Kaktus.media басылмасы шаардагы 11 мектепте бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар эвакуация болгонун жазган. Шаардык милиция муну четке каккан.  

 

up