03:17, 27 апрель 2024 Иш

Кыргызстанга Сауд Арабиянын аскер делегациясы келди

19-январда, Кыргызстан тараптын чакыруусу менен Сауд Арабиянын Башкы штабынын башчысы Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайлинин жетекчилиги алдында Бишкекке аскердик делегация келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Элчинин айтымында, Сауд Арабиянын аскердик жетекчилигинин Кыргызстанга келиши кыргыз-сауд алакаларынын тарыхында алгач ирет болууда.

Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайлини Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кабыл алган. Тараптар аскердик тармактагы эки тараптуу кызматташуу жана коргоо мекемелерининин өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле сапардын алкагында Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, министрлик жана мекемелердин жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна, Бишкектик гарнизондун аскердик бейтапканасына барат.

Буга чейин Кыргызстандын коргоо министри Сауд Арабияга сапар менен барган.

 

up