09:13, 27 апрель 2024 Иш

Ооганстанда саясатчы аялды өз үйүнөн атып кетишти

Ооганстан парламентинин таратылган төмөнкү палатасынын мурдагы депутаты Кабулдагы үйүндө атып өлтүрүлгөнүн талибдердин расмий өкүлү ырастады.

Кабул полициясынын өкүлү Халид Задрандын билдиришинче, 15-январда Мурсал Набидзаданы жан сакчысы менен бирге Кабулдун Ахмад Шах-Баба аймагындагы үйүнө куралчан адамдар кирип атып кетишкен. Окуяда Набидзаданын бир тууганы жаракат алган.

Эл аралык коомчулук бул окуяны айыптап жатат. Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

2021-жылдын жайында бийликке келген талибдер аялдардын укуктарын тебелеп, катуу чектөөлөрдү киргизип келе жатышат.

Алар кыздардын орто мектептерде жана университеттерде окуусуна тыюу салган. Мындан тышкары бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштешин чектеген.

Талибдердин кысымына, коркутууларына, күч колдонуусуна карабай оогандык кыз-келиндер укуктарын коргоп нааразылык акцияларын утур-утур өткөрүп келишет.

up