05:50, 9 май 2024 Бш

Кемпир-Абад: курултайда президентти келишимге кол койбоого чакырышты

Экс-баш прокурор жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен макулдашкан документке кол койбоого чакырды.

Бул тууралуу ал Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди. Ал курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге дагы жөнөтүүнү сунуштады.

"Документке али кол кое элек, Парламенттен өтө элек, Садыр Жапаров кол кое элек. Мирзиёев келсе (Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев - ред.) кол коем деп жатат. Биз Кербенде Унгар-Тоо боюнча элдик курултай өткөргөндө, ошол Камчынын көзүнчө Каримовго (Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов - ред.) кайрылып. Ошону менен Унгар-Тоо, Кемпир-Абад калып калган 15%, ал биздин жерлер. Азыр Кызыл-Октябрда өткөн элдик курултайдын чечиминин Мирзиёевге дагы жөнөтүш керек. Негизги документ бул өлкөлөр эгемен өлкө катары бири-бирин тааныганда БУУга чейин көтөрүп барганбыз, ошол картада Кемпир-Абад, Унгар-Тоо Кыргызсмтандын жери. Калган 50-60-жылдардагы чарбалык документтер. Экинчиден, Жапаровго кол койбоңуз деп кайрылышыбыз керек. Менин үмүтүм бар, комитетте он депутаттын төртөө каршы болгон. Бул добуштун үчтөн экиси эмес, мындай жол менен өтпөйт", - деди Бекназаров.

Ал ушул маселеге байланыштуу кийинки курултайды Чүйдө өткөрүүнү дагы сунуштады.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайга миңдей киши катышууда. "Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын айтымында, сөз алып сүйлөгөндөр Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы экенин айтып жатышат.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, төртөө каршы добуш берген.

Эми документке тең эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Булак: Azattyk

up