00:21, 27 апрель 2024 Иш

Фейсбук фейк жана бот аккаунттарды өчүрүп жатабы?

Фейсбук фейк жана бот аккаунттарды өчүрүп жатабы? — Today.kg

Фейсбук социалдык тармагында бир катар аккаунттар катталуучулары азайып кеткенин жазышууда. Тактап айтканда дүйнөдөгү бир катар белгилүү басылмалар, 10 миңдеген катталуучулары өчүп кеткенин айтып чыгышты.

Буга чейин 3-4-октябрда «Мета» фейк жана бот аккаунттарды тазалап баштайт деген маалыматтар чыккан. 6-октябрда Newsweek АКШдагы  The New York Times, The Washington Post, The Huffington Post, The Hill, USA Today, New York Post сыяктуу ири басылмалардын Facebook баракчасындагы катталуучуларынын саны бир канча миңге азайганын жазган. Эң көп жоготуу USA Today басылмасында болуп, 3-октябрда 13 723 катталуучусу өчүрүлсө, 4-октябрда 11 392 катталуучу өчкөн.

Ушундай эле көрсөткүч «Метанын» негиздөөчүсү Марк Цукербергдин Facebook баракчасында да байкалып, анын катталуучулары 9 миң деп көрсөтүлүп турат.

Ал эми орусиялык блогерлердин да баракчаларында ушундай көрүнүштөр байкалган. Көпчүлүгүндө 10 миңдеген катталуучулар азайган.

Бирок бул тууралуу компания расмий билдирүү тарата элек. Айрым адистер компания фейк жана бот аккаунттарды тазалоодо туура эмес алгоритм колдонушу мүмкүн же техникалык ката кетирилген деген божомолдорун жазды. Анткени миллиондогон катталуучулары бар Марк Цукербергдин баракчасында да болгону 9 991 катталуучу деп көрсөтүлүп турат.

Учурда Кыргызстандагы Фейсбук колдонуучулары да катталуучуларынын саны кыскарганын жазышууда.

Акын Бердибек Жамгырчиев катталуучулары 13 миңден 9 миңге азайганын жазды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова да баракчасында катталуучулар кескин азайганын айтып чыкты.

Депутат Жанар Акаевдин Фейсбуктагы катталуучулары буга чейин 50 миңден ашык болсо, азыр 9 928 деп турат.

Косметолог Айнура Сагынбаев да баракчасынан 4 миң катталуучу азайганын билдирди.

 

up