20:01, 26 апрель 2024 Жм

"Акнеттин" президенти эки айга камакка алынды

Акнеттин президенти эки айга камакка алынды — Today.kg

"Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажимудинов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-майда Биринчи Май райондук сотунда Кубан Ажимудинов менен "Строй сеть" компаниясынын башкы бухгалтеринин баш коргоо чарасы каралды. Анда алар 28-июлга чейин СИЗО-1ге камалышкан.

"Акнет" компаниясынын президенти Кубан Ажимудинов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына 28-май күнү киргизилген. Анда алар Жазык кодексинин 205-беренеси "ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которуу" менен иш козголгон.

2018-жылдын 22-ноябрында "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгон деген маалымат тараган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.
 

 

 

 

up