15:00, 26 апрель 2024 Жм

Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облустук драма театрын жетектемей болду

Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облустук драма театрын жетектемей болду — Today.kg

КРдин эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбеков Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.Тишелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койгон.

Министрдин башка буйругу менен Ысык-Көл облустук театрын жетектеп келген Курсант Абдрахманов Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалган.Жаңы келген жетекчилерди эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Сманбеков Нарын облустук театрын 2017-2020-жылдары жетектеген. Андан кийин Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору болуп которулган.

Учурда Нарындын театрын Жолдошбек Жанжигит уулу башкарат.

 

up