06:43, 27 апрель 2024 Иш

Акылбек Жапаров: Биз 30 чакан ГЭС курууну пландап жатабыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай шаарындагы Алгакадам участкасында магистралдык каналдын курулушунун башталышы менен таанышты.

Каналдын жолун куруу үчүн тоо тектер жардырылды.

Каналдын курулушу  менен 4200 гектар жер сугат суусу менен камсыздалат. Ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Ал эми долбоордун болжолдуу наркы 634,2 млн сомду түзөт.

Акылбек Жапаров өткөн жылдан тарта өлкө боюнча ирригациялык тутумду жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүрүп, бул максатта бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөндүгүн белгиледи.

«Биз республика боюнча 30 чакан ГЭС курууну пландап жатабыз. Суу ресурстарын жана күн энергиясын натыйжалуу пайдаланып, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын киргизебиз. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштайбыз«, — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал «Кумтөр» кенинин ийгиликтүү иштеп жаткандыгы жана мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык коргоо жана маданият кызматкерлеринин эмгек маянасы бир топ жогорулагандыгы тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашыруу «Алгакадам» коомдук бирикмесинин каражаттарынан, жарымы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

up