07:09, 27 апрель 2024 Иш

Акылбек Жапаров жаңы экономикалык координациялык кеңешти жетектеди

Акылбек Жапаров жаңы экономикалык координациялык кеңешти жетектеди — Today.kg

Министрлер кабинети кезектеги отурумда макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти түзүү чечимин жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Координациялык кеңешти министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектемей болгон.

Жаңы органдын негизги максаты өлкө экономикасын турукташтыруу жана өнүктүрүү экени белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрү 10дон ашуун маселени караган. Ошондой эле башка дагы чечимдерге ылайык, Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы өткөрүү пункту, бажы көзөмөлү жана "Ысык-Көл" аэропорту авиакомпанияларга жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн күнү-түнү иштемей болгон.  

up