19:48, 26 апрель 2024 Жм

Украинадан Польша аркылуу 72 кыргызстандык жаран учуп келди

Украинадан Польша аркылуу 72 кыргызстандык жаран учуп келди — Today.kg

Кечээ, он биринчи мартта, Бишкекке уюштурулган чартердик рейс келди, аталган каттам менен Украинанын аймагынан Польшага киришкен 72 кыргызстандык жаран, алардын ичинде балдар, аялдар учуп келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эвакуациялык авиакаттамды Тышкы иштер министрлиги польша тарабы жана Украинанын аймагына чыккан жарандарды мекенине жөнөтүүгө жардам берүүчү «Фронтекс» чек ара кызматы боюнча Европалык агенттик менен биргеликте уюштурган.

Азыркы кезде министрлик Польшадан Кыргызстандын жарандарын мекенине алып кетүү боюнча иштерди улантууда, ошондой эле жакын арада Чехиядан каттам менен кыргызстандыктарды эвакуациялоо иши Эл аралык миграция уюмунун Прагадагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө Украинада Кыргызстандын 86 жараны бар. Жарандардын саны улам өзгөрүүдө, ошондуктан тизме улам жаңыртылып жатат.

 

up