13:53, 26 апрель 2024 Жм

Юристанбек Шыгаев эки картинанын түп нускасын музейден алып начар абалда кайтарганы боюнча жаңжал чыкты

Юристанбек Шыгаев эки картинанын түп нускасын музейден алып начар абалда кайтарганы боюнча жаңжал чыкты — Today.kg

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев мамлекеттик мүлк катары саналган эки картинаны алып, бирок начар абалда музейге кайтарып бергени боюнча жаңжал чыкты. Окуя боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу маданият министрлигинен кабарлашты.

Маданият министри Азамат Жаманкуловдун атына жазылган кызматтык катта картинанын бири музейден жоголуп, зыян келтирилген, начар абалда 2014-жылдын январь айында гана пайда болгону айтылат. Ошол убакка чейин ал Юристанбек Шыгаевдин колунда болгону аныкталган.

"25-апрелде картиналарды сактоочу жайды текшерүү учурунда Н.Сверчковдун "Ат менен ит" картинасына зыян келтирилгени байкалган. Сүрөттүн айрым жерлеринде, өзгөчө сол тарабында боёктор эң төмөнкү катмарга чейин өчүп, аттын сүрөтү, иттин башындагы, эшиктин түркүгүндө боёктор өчүп калган. Сактоо боюнча жооптуу кызматкер Т.Попова картина директордун колунда болгонун, ал качан жана кантип алганын билбей турганын айткан. Мындан сырткары министрлик тарабынан орус искусствосунун түп нускаларын текшерүү башталганда 2014-жылы ошондой абалда алып келип бергенин билдирген", - деп жазылат катта.

Маалыматка караганда Юристанбек Шыгаев эки картинанын көчүрмөсүн жасоо учурунда капыстан зыян келтирилгенин билдирип, аны өз каражатынын эсебинен оңдоо боюнча түшүндүрмө жазып берген.

"Бул маселе боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүрүп жатат. Директор сүрөттөрдү баштапкы калыбына келтирип берерин айткан. Текшерүү учурунда анын кызмат орду кандай болот азырынча белгисиз. Комиссиянын жыйынтыгына жараша маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилүү болгондой сүрөтчү XIX кылымга таандык эки картинанын түп нускасын көчүрмөсүн жасатуу үчүн алган. Бирок музейге кайтарып берген учурда алардын абалы начар экени билинген. Картиналар совет убагында Третьяков галереясы жана Пушкин музейи тарабынан белекке берилген. "Бакуниндин портрети" менен Сверчков тарткан "Ат менен ит" картинасы мамлекеттик мүлк катары саналат. 

up