15:38, 19 март 2024 Шш

Эрте добуш берүү арызы менен БШКга 1253 адам кайрылды

Эрте добуш берүү арызы менен БШКга 1253 адам кайрылды — Today.kg

Бүгүн, 26-февралда Бишкек шаарынын №27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө.

БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары шайлоо бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө. Эки шайлоо округу боюнча БШКга 1253 арыз келип түшкөн. Анын ичинен №27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча 114 адам ден соолугуна, 207си карылыкка байланыштуу, ал эми 76 киши карылар үйүндө болгондуктан кайрылган. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча 421 шайлоочу саламаттыгына, 435и карылыкка байланыштуу арыз берген.

Бишкектин №27 Биринчи Май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтөт. БШК бир мандаттуу бул эки округдан жалпы 53 талапкерди каттаган. Биринчи Май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар. Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

up