06:07, 27 апрель 2024 Иш

Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун курулушунда иштеп жаткан 2 Кытай жараны кырсыкка кабылып, бири каза болду

Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун курулушунда иштеп жаткан 2 Кытай жараны кырсыкка кабылып, бири каза болду — Today.kg

Жалал-Абадда жол курулушунда иштеп жаткан 2 Кытай жараны кырсыкка кабылып, бири каза болду. Маалыматты SUPER.KG`ге облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Маалым болгондой, окуя 16-май күнү Жалал-Абад-Балыкчы унаа жолунун 362-чакырымында болгон.

"Чайна роуд" компаниясынын жумушчусу, 48 жаштагы Кытай жараны Х.Ж. курулуш материалдары жүктөлгөн унааны башкарып бара жатып, жолдон чыгып кеткен. Натыйжада унаа тоонун кырына урунуп, ичиндеги жүргүнчү 27 жаштагы Кытай жараны Л.Ж. алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Ал эми айдоочу учурда Жалал-Абад облустук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө дарыланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

 

 

 

 

up