10:25, 26 апрель 2024 Жм

Президент тышкы саясаттын негизги багыттарын белгиледи

Президент тышкы саясаттын негизги багыттарын белгиледи — Today.kg

Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндап жатып  маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров “Кошуналар менен мамилени бекемдөө – тышкы саясатыбыздын маанилүү багыты” деп айтты.

Ал чектеш өлкөлөр жана башка тышкы өнөктөштөр менен мамиле тууралуу маалымат берди.

“Акыркы 4-5 жылда кошуна мамлекеттер менен кызматташтыгыбыз абдан салкындап кеткен. Кошуналар менен кылымдар бою чиелешип келген карым-катнашыбыз. Биз дайыма тең укуктуу диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдоп, талаш маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү көздөйбүз”, - деди мамлекет башчысы.

Жапаров кошуна өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн, Казакстан жана Өзбекстан менен мамлекет аралык мамиле сапаттуу жаңы деңгээлге чыкканын, Орусия жана Түркия менен стратегиялык кызматташтык кыйла бекемделгенин, Кытай менен кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын айтты жана коронавирус боюнча абал турукташканда бул өлкөгө сапар аларын, “бардык маселелерди сүйлөшүп, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну алдыга жылдырарын” билдирди.

Президент Европадан Венгрия менен мамилени бекемдөө уланып жатканын, өткөн жылы Азия, Араб, Америка, Европа өлкөлөрү жана Европа Биримдиги менен кызматташуу жигердүү өнүккөнүн, жакынкы келечекте алардын кээ бирлерине баруу пландалганын кошумчалады:

“Атап айтканда, саясий диалогду илгерилетүү, демократия, адам укуктары, жарандык коом жана соода-инвестициялык кызматташууну активдештирүү үчүн Европага, Араб өлкөлөрүнө иш сапарлар пландалууда”.

Жапаров жалпысынан кызматташууга даяр өлкөлөрдүн баары үчүн Кыргызстан ачык жана даяр экенин белгиледи.

“Биздин өлкөгө америкалык аскер базасынын кереги жок”, - деп билдирди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат жыйында Кыргызстанда америкалык аскердик базаны жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып.

“Кантта Россиянын аскер базасы бар. 2014-жылы АКШ менен келишим токтотулган. Бизге бир гана аскер базасы жетиштүү. Биз эки держава менен мышык-чычкан ойногубуз келбейт”, - деп кошумчалады ал.

Кыргызстанда автобустарды, электробустарды жана жүк ташуучу унааларды кураштыруу боюнча кыргыз-орус биргелешкен заводун куруу маселеси даярдалууда.. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мындан тышкары Кыргызстанда жакынкы убакта бульдозерлерди, электромобилдерди, брондолгон автомобилдерди жана учкучсуз учуучу аппараттарды кураштыруу башталат.

"Белгилүү болгондой, Айдаркен сымап жана Кадамжай сурьма комбинаттары көп жылдан бери иштебей турган. Алар боюнча чукул чечимдер кабыл алынып, азыркы учурда жандандыруу процесстери жүрүп жатат жана миңдеген жумуш орундарынын түзүлүүсү күтүлүүдө. Майлуу-Суу лампа заводунда жаңы өндүрүш линиялары ишке кирди", - деп кошумчалады президент.

up