13:12, 26 апрель 2024 Жм

Володин Жапаров менен жолугушууда орус тилинин макамын кубаттады

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусунда кыргызстандыктар мамлекеттик башкаруу системасы боюнча тандоо кылганын жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда орус тилинин расмий макамынын сакталып калганын канааттануу менен белгиледи. Бул тууралуу кыргыз президенттинин сайтында жазылды.

Володин орус тили окутулган жана расмий тил катары колдонулган өлкөлөрдүн жарандарына Орусиянын аймагында бир катар жеңилдиктер каралганын белгиледи. Мындай мүмкүнчүлүк учурда Кыргызстан менен Беларустун жарандары үчүн жеткиликтүү экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү келечеги бар экенин айтып, стратегиялык өнөктөштүккө эки тарап тең эч качан шек келтирбегенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров пандемия, эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылууда эки өлкөнүн парламенттеринин кызматташтыгы маанилүү экенин билдирди.

10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңип чыккан. Ал өзүнүн алгачкы чет мамлекетке болгон иш сапарын Орусиядан баштап жатат. Ал 24-февралда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Жапаров ошондой эле Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен да жолугаары кабарланды. 

up