21:31, 8 май 2024 Шр

Си Цзиньпин Кытай жакырчылыкты жеңип чыкканын жарыялады

Си Цзиньпин Кытай жакырчылыкты жеңип чыкканын жарыялады — Today.kg

Кытай жакырчылыкка каршы күрөштө толук жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Кытайдын жакырчылыкка каршы күрөшүү иш-аракеттерине арналган жыйында "Коммунисттик партия менен кытай элинин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында биз жакырчылыкка каршы күрөштө толук жеңишке жетиштик" деген.

Анын айтымында, акыркы 8 жылда 100 миллонго жакын айыл тургуну жакырчылыктан чыгарылган. 832 округ жана 128 миң айыл жакыр аймактардын тизмесинен чыккан.

Жалпысынан 1970-жылдардагы реформа саясаты башталгандан бери 770 миллион жаран жакырчылыктан чыгышкан. Ошондой эле Си Цзиньпин ушундай ийгиликтер менен Кытай дагы бир керемет жасаганын жана ал тарыхта калаарын кошумчалаганы маалымдалат дүйнөлүк маалымат каражаттарында.

 

up