06:24, 27 апрель 2024 Иш

Мамлекеттик каттоо кызматы балдарына өз атын берген Капалованын үстүнөн сотко кайрылды

Жарандык активист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген. Мамлекеттик каттоо кызматы балдарга энесинин фамилиясы жана аты менен 30-декабрда күбөлүк бергенин Капалованын өзү "Азаттыкка" айтып берди.

"Мен балдарымдын атасы менен ырасмий ажырашкан соң, алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жаңылагам. Ошол учурда балдардын атасы деген жерге өзүмдүн атымды койдургам. Мисалы, менин уулум Капалов Даанышман Алтынович, кызым Капалова Аймона Алтыновна. Эми бул документтерди жокко чыгаруу үчүн мени Жарандарды каттоо департаменти сотко берди".

Энесинин аты менен берилген документтерди жокко чыгарууга байланышкан соттук териштирүү 25-февралда Свердлов райондук сотунда болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы бул окуя боюнча маалымат бере элек.

up